20 жаштагы жигиттерди суктандырган Улуу Британиянын эң кары модели 67 жашта

Дайыма ачык бикини менен сүрөткө түшүп жүргөн корнуоллдук 67 жаштагы Сьюзи Монти, өзүн “Улуу Британиядагы эң кары саркеч модель” деп атайт. Бул тууралуу bigpicture кабарлайт.

Өз жашынан жаш көрүнгөн Сьюзи укмуштуудай дене мүчөсүнүн аркасы менен өзүнөн үч эсе кичүү жигиттердин көңүлүн бурдурат.

“Күйөрмандарым менин жаш денедеги жашы барып калган аял экенимди жактырышат”, - дейт бою 170 см болгон айым.

Улуу Британиянын эң кары саркеч модели жаш жигиттер аны көргөндө артына бурулуп карашат дейт.

Сьюзи өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Ал саркеч журналдарга туруктуу фотосессия жасап, кызыктуу сүрөт сеанстарын бириктирет. Мындан тышкары, ал өзүн Хелен Миррен шыктандырат деп, андан үлгү алат.

Сьюзи 30-40 жылдан бери модель болуп иштеп келет. Бирок, 40 жаштан ашкандан кийин ал мононуклеоз оорусуна чалдыгып, ишин токтотуп турууга аргасыз болгон. Арадан 20 жылдай убакыт өткөндөн кийин гана ден соолугун калыбына келтирип, мода дүйнөсүнө кайра кайтып келди.

Ал жакшы көрүнүү үчүн бир гана пайдалуу азыктарды гана керектейт. Ошондой эле, дайыма бет менен денеге арналган нымдаштыруучу кремди колдонот.

“Жаш өлчөмү – бул сиздин башыңызда. Сиз өзүңүздү канчалык жаш сезсеңиз, ошончолук жаш болосуз. Жашым өтүп калды деген ой менен өз кыялдарыңыздан баш тартуунун кереги жок”, - дейт Сьюзи.

Ал күн нурунан коргонуу үчүн бетине көп кам көрөт. Дене мүчөсүнүн бир калыпта сактоо үчүн күн сайын ити менен сейилге чыгып, таза аба менен дем алып кайтат.

“Модельдик бизнес – мега рахат тартуулайт. Сиз ушул жаатта кандайдыр бир ийгиликке жеткиңиз келсе, анда сиз көп эмгек кылышыңыз керек”, - дейт Сьюзи.