Аялынан таяк жеген эркек милиция чакырууга аргасыз болду

Өзбекстандын Самарканд облусунда аймактык милиция бөлүмүнө жергиликтүү жарандан коңгуроо түшүп, ал өзүн аялынын уруп-согуусунан аралачоону суранган, деп жергиликтүү басылмалар жазат.

“Жергиликтүү жашоочу “103кө” чалып, өзүн аялынан коргоону өтүнгөн. Аны аялы уруп-согуп, денесине жаракат келтирген. Аялы Нигора - өтө күчтүү экен го, күйөөсүн ушундай абалга туш кылса”, - деп жазылат жергиликтүү басылмаларда.

Жергиликтүү басылмалардын жазышына караганда, Өзбекстандын элинде аялдын эркекке күч көрсөтүүсү көп орун алат. Мындан башка дагы бир жаран өзүнүн аялынан таяк жегендигин айтып арызданган.