Кыргызстандын эгемендиги кооптуу абалдабы?

22.06.2018

Депутат Кытай алдында карызга тынчсызданууда. Ал мамлекеттик аймак менен эсептешүүгө туура келерин айтат.

Кыргызстан Кытайга болгон карыздары үчүн өз эгемендүүлүгүн жототуп алышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.

- Биз тышкы карызыбыздын жарымын Кытайга беришибиз керек, алар бул карыздарды бизден кечпейт жана төлөм мөөнөтүн узартпайт, - деп эсептейт ал. - Биз Эксимбанктан насыя алып жатканда, келишимде насыя боюнча бардык талаш суроолор кытай мыйзамы боюнча Гонконгдо гана чечилери жазылган эле. Мен бул насыяга каршы болгом, бирок мени кызматтан кетиришкен, ал эми ратификацияга менин орун басарым кол койгон. Мындай сумманы карызга алардан мурда, экономика министри бул акчаны бере алабызбы, же жокпу деп ойлонушу керек эле?

Мындан тышкары, парламент орус депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргызстан карызы үчүн Ысык-Көлдү берүү керек деген сөздөрүн эске салды.

- Кытайлыктар дагы ушинтип айтышы мүмкүн, - деп эскертти ал. - Тажикстан, Пакистан жана Шри-Ланка карызы үчүн өздөрүнүн жерин Кытайга берди, бизде дагы ушундай болот! Мен алардын жаман же кайдыгер деп айткым келбейт, бирок Кытай өз акчасын кайтарып албай койгудай бай өлкө эмес. Өкмөт насыя алган кезде жакшы болушун каалаган, бирок жакшы ниет менен тозокко жол ачты. Жаңы министрлер кабинети бул кырдаалдан чыга алат деп үмүттөнөм.

Эске салсак, 20-апрелде парлементтин кезексиз жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин өкмөт башчысы кызматына карашкан.