Кыргызстандын сырткы карызы: сегиз жыл ичинде Кытайдын үлүшү 2%дан 44%га чейин өстү

20-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында жаңы премьер-министрди шайлашты. Бул кызматка жалгыз талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев болду. Аны Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөтүштү.

Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Премьер-министр Сапар Исаковго ишенимсиздик билдиришкен. Ага 101 депутат добуш берген. Жээнбеков болжол менен үч саат өткөндөн кийин өкмөттүн кызматтан кетиши тууралуу жарлыкка кол койду.

20-апрелде депутаттар күнү бою министрлер кабинетинин жаңы курамына суроолорду беришти. Атап айтканда, “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров тышкы карыз маселесин козгоду.

Кыргызстандагы мамлекеттик карыз 4,4 млрд долларды, ички карызы 0,5 млрд дооларды түзөт. Бул ИДӨнүн 58% түзөт. Кыргызстан 2023-жылы 320 млн долларды төлөп берүүгө аргасыз болот.

“Мындай көп акчаны кайдан алыш керек? Бул жыл аралыгында “Кумтөр” иштебей калат. Кытайдын карызы – эң коркунучтуу, анткени ал жалпы карыздын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт, Кытай биздин карызды кечпейт жана төлөм убактысын узартпайт. 2010-жылы Кытай берген карыздын үлүшү 2% гана болгон. Биз алардан артыкчылыктарды эч качан сурай албайбыз. Жириновский Кыргызстанга карыз үчүн Ысык-Көлдү ижарага берүүнү сунуштады. Тажикстан карызы үчүн алтын кенин берди. Эгер Кытай ушундай эле нерсени талап кылса, анда биздин мындай аркы эгемендүүлүктү жоготушубуз мүмкүн”, - деп айтты Жапаров.