Кан басымдын жогору болуу себептери, анын белгилери, дарылоо

Кан басымдын жогору болушу — гипертония менен ооругандардын саны жыл санап өсүүдө. Учурда калктын 30-40 пайызын кан басымынын жогорулашы менен ооруган жарандар түзөт. Гипертония оорусуна чалдыккан адам, бул оору менен өмүр бою күрөшүп келет.

Кан басымдын жогору болушу 75-85 пайыз нерв эмоциялык таасирден улам пайда болот

-Гипертония оорусу жүрөктүн кан тамыр системасынын артерия кан басымынын туруктуу жогорулашы менен мүнөздөлгөн оору. Бул оору 75-85 пайыз нерв иштеткенден пайда болот. Көп кыжалат болгондон, стресстен улам келип чыгат. Анын өрчүшүнө нерв эмоциялык таасирлер, туздуу тамак-ашты көп ичүү, аз кыймылдоо, семирүү, тамеки тартуу, ичкилик себеп болот. Бул оору менен жумушчуларга караганда акыл эмгеги менен иш кылгандар жана айылда жашагандардан шаардыктар көп кабылышат. Гипертония оорусунун өнүгүшү 3 стадияга бөлүнөт. 1-стадиясында артерия басымы кез-кезде жогорулап жүрөк тез-тез согот, андан сырткары жүрөктүн тушу ооруп, начар уктап алсырай берет. 2-стадиясында артерия басымы көп учурда жогорулап, баш айланат, кол, буттун манжалары уюп, уйку качат. 3-стадияда артерия басымы дайыма өтө жогору болуп инсульт, кан куюлуу, андан сырткары жүрөктүн согушунун начарлашы байкалат. Бул оору негизинен жүрөк кан тамыр нерв системаларынын жана бөйрөк оорусуна да байланыштуу болот. Мындай ооруга чалдыкканда оорулууга аз кыймылдоо өтө зыян. Таза абада сейилдөө, сууга сүзүү өтө пайдалуу. Бул ооруга чалдыккан адам ичкилик ичүүдөн, тамеки тартуудан, семирип кетүүдөн сактануу керек.

Кан басымдын жогору болушу оорусуна чалдыккан адам бул оору менен өмүр бою күрөшөт

-1990-жылдан тартып жүрөк-кан тамыр кан басымдын жогорулашы боюнча ооруп каза болгондор көп кездешүүдө. Статистика боюнча биздин өлкөдө аталган оорулар боюнча ооруган жарандар көп. Инсульт оорусу көбүнчө кан басым оорусуна чалдыккан адамдарда көп кезигет. Көпчүлүк учурда кан басым жогорулаганда тамырлар жарылып, мээге кан кетип, инсульт болушат. Андан сырткары жүрөктүн инфаркт оорусу гипертония оорусунан улам келип чыгат. Мурда 60 жаштан жогору адамдар гана гипертония оорусуна чалдыгып, инфакт жана инсульт болушса, азыр 17, 20 жаштагы балдар, кыздар да аталган ооруга чалдыгып жатышат. Бул оору учурда абдан жашарып баратат. Мурда союз мезгилинде аталган оору менен ооруп калган адамды эмканалар көзөмөлгө алып, дарыгерлер тез-тез үйүнө барып кабар алчу. Андан сырткары ал оорулуу адамдын үй-бүлөсү да көзөмөлгө алынчу. Ал эми азыр оорулуу адам ооруканага өзү келип көрүнбөсө, эч ким үйүнө барып кабар албайт. Гипертония оорусуна чалдыккан адам бул оору менен өмүр бою күрөшүп келет. Оорулуу адам дарыгердин кеӊеши менен өз убагында дары-дармегин ичип, тамакты мүнөздөп ичет. Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда гипертония оорусуна чалдыккан жарандар көзөмөлдө турушат, бирок үйлөрүнө барып тез-тез текшерүүгө алышпайт.

«Оорулуу адам ар убак өзүнүн кан басымын текшертип туруу керек»

-Оорулуу ар убак өзүнүн кан басымын текшертип турушу зарыл. Кан басымды жакшы алып жүрүү үчүн 90.60 дан 130.90 аралыктан ашырбаш керек. Кан басымды жогорулатпоо үчүн нервди эс алдыруу шарт. Ичип жаткан дарысы таасир этип жатабы, жокпу билиши керек. Эгерде дары таасир бербей жатса анда ал дарыны дарыгер менен кеӊешип алмаштырат. Ошондо гана кан басым оорусунун мээге, көзгө жана жүрөккө болгон терс таасири азаят. Аталган ооруну өз алдынча жана туугандардын көрсөтмөсү менен эч качан дарылабоо керек. Эгерде адамдын башы айланып көзү чымырап тунарып, кулагына үндөр угулуп өзүн жаман сезе баштаса, дароо аппарат менен кан басымды текшерттүү шарт. Өзүн начар сезсе тез арада ооруканага кайрылуу керек.

«Кан басымы жогорулаганда кан тамырлар ичкерип кетет»

Гипертония жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен эӊ көп таралган түрү. Гипертония оорусуна чалдыккан адамда кан басымы жогорулаганда кан тамырлар организмде ичкерип кетет.Ошол кан тамырлар ичкербеш үчүн дары ичип турушат. Негизинен биздин максат гипертония оорусуна чалдыккан адамдын өмүрүн узартып берүү болуп эсептелет. Ал үчүн оорулуу адам да дарыгердин кеӊешин угуп, өз убагында дарыларын ичүү керек. Эгерде гипертония оорусун алдын албаса кан басым жогорулап жатып мээге таасир берет инсультка окшоп, жүрөккө таасир берет, инфарктка окшоп. Андан сырткары көзгө таасир берет, көз биротоло көрбөй калышы да мүмкүн. Бөйрөккө таасир берсе, бөйрөктүн иштөө функциясын бузуп, бөйрөктү катырып коет.

Ал эми өз алдынча ичкен дарылардан, туура эмес сайылган уколдордон жана башка себептерден улам кан басым түшүп кетет.

Гипертония оорусунун эӊ чоӊ зыяндуулугу

• Мээге тийгизген таасири

Мээнин кан айлануусун бузат, натыйжада эс-тутумду төмөндөтөт, мээдеги кан тамырлар жарылып кетет, же кан тамырлар менен уюган кан менен бүтөлүп калат. Мындай абалга кабылган адамдардын көпчүлүгү каза болот.

• Көзгө тийгизген таасири

Көздүн тор кабыгынын жабыркатат, көздүн көрүүсүн начарлатат, биротоло сокур болуп калуу коркунучу да бар.

• Бөйрөккө тийгизген таасири

Бөйрөк ооруларын пайда кылат, бара-бара бөйрөктү биротоло иштен чыгарат.

• Жүрөккө тийгизген таасири

Инфаркт оорусуна алып келет жана жүрөктүн иштөөсүнө күч келип, жүрөк бара-бара начар иштей баштайт.

Гипертония менен ооругандарга мүмкүн эмес:

• Спирт ичимдиктерин ичүү;

• Стресс;

• Аз уктоо, мээни өз убагында дем алдырбоо;

• Кыймыл-аракеттин аздыгы;

• Майлуу, куурулган, ачуу тамактарды жебөө;

• Чылым чегүү.

Булак