Базарда сатылган бышкан тамактар

06.04.2018

Аламүдүн жана Ош базарларында кечки саат 6лардан түнкү 10дорго чейин үйлөрүнөн жасап келген тамактарды, койдун бышырылган баштарын, шыйрактарын, жылкынын чучук, казы-карталарын арабаларга салып алып, сатып жүргөн аялдарды көрүүгө болот. Мындай тамактарды баардык эле кыз-келиндер үйүндө жасай беришпейт.

Биз менен баарлашуудан айрымдары сылык баш тартышса, айрымдары дароо эле “Тартпа камерага, биз менен сүйлөшүп эмне кыласыңар!”деп ороңдоп, кетип калып жатышты. Чогуу окуган Айдана курбум экөөбүз Ош базарын кыдырып жүрүп, казы-карта, чучук саткан катардан Жылдыз эже менен таанышып калдык.

Жылдыз эже 15 жылдан бери ушундай соода менен алектенет экен. “Эртеден кечке чучук, казы-карта, койдун туздалган куйругун, быжы сыяктуу кыргыздын улуттук тамак- аштарын сатам,- дейт эже жылмайып. - Чучук, казы-карталарды кыргыздар гана эмес, башка улуттардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар да көп алышат”.

Курбум экөөбүз Жылдыз эжеге жардам берүүнү эп көрүп, эженин тамактарын биз да сата баштадык. Кардарларды тейлеп жатып, убакыттын кандай өткөнүн, товарыбыздын жарымы сатылып кеткенин да байкабай калыптырбыз. Ошентсе да сатуучулук жумуш оңой көрүнгөнү менен чындап келгенде бир топ эле татаал да, оор да иш экен.

Биздин каарман шайыр, ачык-айрым көрүнгөнү менен иши тууралуу суроолорго ачылып жооп берген жок. Мисалы, күндө канча пайда табасыз деп сурасак, “Ал тамактын кандай сатылышына жараша болот, кээде товар жакшы өтпөй да калат. Кирешенин чыгашасы бар, ар күнү ар кандай сумма болуп калышы мүмкүн”, деп кыска жооп кайтарды.

- Сыртта тамак-аш сатууга уруксатыңыздар барбы?

- Албетте, бар. Бул жерде мыйзамдуу турабыз, аренда акысына күнүнө 500дөн 1000 сомго чейин берип турабыз.

Иштерине ийгилик каалап, Айдана экөөбүз соодагер эжелер менен коштоштук.

Анара Кочкорбай кызы,

студент-стажер.

“Объектив” газетасы.

Базарда сатылган бышык тамактардын баалары

Казы-карта, 1кг – 450 сом;

Туздалган куйрук, 1кг – 450 сом;

Майлуу чучук, 1кг – 750 сом;

Эттүү чучук, 1кг – 750 сом;

Быжы, 1кг – 750 сом;

Быжы кесимдери (көлөмүнө жараша) – 10 жана 20 сом.