Ош академик өзбек музыкалуу драма театры - Кыргызстанда эң байыркы, Борбордук Азияда экинчи байыркы театры

8 May

Ош өзбек театрынын имараты Азизулло Иззатуллаевдин жардамы менен 1979 жылы курулган.
Ош өзбек театрынын имараты Азизулло Иззатуллаевдин жардамы менен 1979 жылы курулган.
Ош өзбек театрынын эски имараты
Ош өзбек театрынын эски имараты

Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры (орус. Ошский Государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура) Кыргызстанда эң байыркы, Борбордук Азияда экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет.

Мазмуну

Тарыхы

Рахмонберди Мадазимов (1875-1933) - Ош театрынын негиздөөчүсү, биринчи режиссёру, көркөм жетекчиси жана башкы директору
Рахмонберди Мадазимов (1875-1933) - Ош театрынын негиздөөчүсү, биринчи режиссёру, көркөм жетекчиси жана башкы директору

1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген.[1][2].

1918 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхан Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовдор менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасынын базасында Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[3]. 1919 жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды, ал труппага кийин Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовдор кошулду. Бул труппа Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду, ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын түзүү үчүн негиз болуп калды.[4] Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914 жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет[5].

Театр Ош уездинын бардык райондорунда болуп, ал жерде спектаклдер коюп басмачылык менен көркөм өнөр жана маданият куралы менен күрөшту. Театр артисттери Ош шаарынын милициясынын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы жана Кыргызстан Улуттук коопсуздук комитетинин негиздөөчүсү жана Ош уездинын ЧКнын биринчи башчысы Балтыходжа Султанов менен бирге басмачылыкты жок кылууда активдүү катышкан. Театр өзүнүн арабасында театр реквизити менен бирге куралдарды бекитип кызылдарга ташып, басмачылар бандалары жайгашкан жерлерден өткөргөн, ошентип Кызыл армияны курал-жарак жана ок-дарылар менен камсыз кылган.

Театр труппасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Маннон Уйгурдын "Түркстандык табып" пьесасы өз убагында реакцион диний ишмерлердин кескин нааразылыгын келтирди. Ошол кезде труппа курамында аял актрисалар жок эле, анда аялдардын ролун Журахон Зайнобиддинов мыкты аткарган. 20-жылдар аягында сахнада биринчи жолу актриса аялдар көрүндү. Ислам жактоочулары тарабынан таланттуу актрисалар Н. Юлдашева жана Р. Парпиевалар ырайымсыз өлтүрүлгөн[6].

Жарандык согуштун убагында Ошко чектеш болгон райондор согуш майданына айланды. Ош шаарынын милициясынын башчысы жана Ош уездинын ЧКнын биринчи башчысы Балтыходжа Султановдун сунушу боюнча театралдык труппа бул фронттун катышуучусу жана большевиктер партиясынын үгүтчүүсү болуп калды. Театралдык труппа Ош уездинин бардык айылдарында, базарларда, аянттарда жана эл көп чогулган башка жерлерде спектаклдер жана концерттерди коюп, басмачылардын кара ниеттерин көрсөттү. Көрүнүктүү революция ишмерлери Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбековдор театралдык труппанын жаш жамаатына бутга турууга жардам берди[7].

Балтыходжа Султанов (1884-1919 )
Балтыходжа Султанов (1884-1919 )
Назирхон Камолов (1900-1970 )
Назирхон Камолов (1900-1970 )

Б. Султановдун кудасы Ош өзбек театрын биринчи негиздөөчүсү, директору жана көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов мындай айтып жүргөн: Корбашы Мадаминбек Андижанга жакын жерлерде талоончулук кылып, тургундарга куралдуу кол салып журду. Ош шаарынын милициясынын башчысы жана Ош уездинын ЧКнын башчысы Балтыходжа Султанов жана Ош гарнизону Андижан аскердик гарнизонун курал-жарак менен камсыз кылуу учун жардам берууну каалады. Бирок ал жакка куралды кандай жеткирүүгө болот? Бул көйгөйдү театр артисттери чечти. Арабаны жасалгалашты, анга курал-жаракты жайып коюшту, үстүнөн төшөктөр коюшту. Артист Рахмонберди Мадазимов грим сыйпоолоп жана чоң "ишан"-диний үгүттөөчү болду. Дагы эки актёр анын "муридтери"-шакирттери болуп калды. Өзүнө жакын мусулмандардын ыйык Куран китебин коюшту, аны окуп жолго тушту. Араба Ходжаабадга жакындап барганда ок атылганы угулду. Арабаны ондогон басмачылар курчооду. Ошондо арабакеч басмачыларга бармагы менен "жымжырт" деп белгисин көрсөттү жана парданы тартып койду. Басмачылар "ишан" жана анын "шакиртерин" көрүүшту жана жүгүнүүшту. Андан кийин аларды Андижанга чейин урмат менен жеткиришти. Курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн труппанын мындай "постановкалары" бир нече жолу кайталанды.

Кыргыз АССР эл комиссарлары Кеңешинин 1929 жылдагы токтомуна ылайык театр өз ишин кесипкөй негизде баштаган. Ошол убакыттан баштап театр сахнасында көйгөйлүү маселелерди чагылдырган чоң пьесалар жана чыгармалар коюлган. Сахнада Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Камил Яшин жана Музаффар Мухамедовдун "Гулсара" музыкалуу драмасы чоң окуялардын бири болуп калды. 1929-1931-жылдары театрда Рахмонберди Мадазимов тарабынан К. Яшиндын "Лолахон", "Ажи-ажи" пьесалары коюлду. Бул чыгармалар идеялык душмандардын кара ойлорун ачып берди. "Лолахон" спектакли Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ходжаабад эмгекчилерин арасында көп жолу коюлуп жатты.

Уринбой Рахмонов (1910-1980) - Ош театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 1942-1949-жылдары театрдын көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру.
Уринбой Рахмонов (1910-1980) - Ош театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 1942-1949-жылдары театрдын көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру.

Театр кызматкерлерине карата реакциялык элементтер бир катар кол салууларды уюштуруштуу. Театр артисттери Рахмонберди Мадазимовду, Розияхон Муминованы, Тожихон Хасанованы, Уринбой Рахмоновду кармап алуу жана көздөрун чукуу үчүн жалдангычтар даярдалган эле. Артисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларга куралдуу сакчылар коюлган эле.

Уюштуруу кыйынчылыктарга карабастан, Театр өзүнүн репертуарын жаңы идеялык жана чоң көркөм чыгармалардын эсебинен кеңейтти. Театрга бул учун СССРдин эл артисти Рахим Пирмухамедов, Өзбекстандын эл артисттери Хикмат Латипов жана Кудрат Ходжаевдер чоң практикалык жардам көрсөттүшту. Ош театрынын сахнасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан "Эки коммунист", "Достор", "Алишер Навои" жана башка чыгармалар коюлду.

Уринбой Рахмонов Ленинград шаарында гастролдо. Фото 1934 жыл.
Уринбой Рахмонов Ленинград шаарында гастролдо. Фото 1934 жыл.

1934 жылы театр жамааты Ленинград, Москва, Ташкент шаарларында биринчи гастролдорундо катышты. 1934 жылдын августунда театралдык жамааттын курамында 70 адам Ленинград шаарына гастролдорго барды. Театр репертуары "Фархад менен Ширин", "Лейла менен Маджнун" жана башка өзбек пьесалары тузду. Ленинграддын искусство сүйүүчүлөру театр чыгыштарын жакшы кабыл алышты. Ошондуктан узак эмеске пландаштырылган бул гастролдор дээрлик бир айга созулдуу. Театрдын жамааты чыгармачыл жолугушууларды ишканаларда, окуу жайларында, укмуштуу "Аврора" крейсерда жүргүздү.

Бардыгы болуп 22 концерт беришти. Гастроль аягында артисттерди Ленинград партия обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров кабыл алды, ал белгилегендей, коюлган спектаклдер жана концерттер ленинграддыктарга чоң таасир кылды жана алардын эсинде калат. Жолугушууга Уринбой Рахмонов, А. Насриддинов, Кадыржан Хамидов, З. Умаров, Гуламжан Исраилов, Б. Махмудов, Тожихон Хасанова, Лайлихон Моидова, Р. Ахмедов, Б. Ортиков, И. Худайбердиев, Зиямиддин Шакиров, Лутфулло Ходжаев, Р. Мухаммаджанов, Ж. Юсупжанов, Ж. Мухаммаджанова, Д. Каюмов, П. Салиев жана башкалар катышкан. Жолугушуунун аягында алар С.М. Киров менен сүрөткө түшүүштү. С.М. Киров өлгөндөн кийин 1937 жылы драма театрге С.М. Кировдун аты коюлду.

1934 жылы Ташкентте пахтакер алдыңкылардын чогулушу өткөрүлгөн. Өзбек ССР Борбордук аткаруу комитети президиумдун төрагасы Юлдаш Ахунбабаевдун чакыруусу боюнча театрдын жамааты слёт катышуучуларыне концерт коюу үчүн Ташкентке барды. Слёт катышуучулары обончу Абдулла тарок Файзуллаевдун, артисттер Уринбой Рахмоновдун, Р. Муминованын, Т. Хасанованын, Л. Моидованын, К. Хамидовдун, Ж. Исраиловдун чыгыштарын кулак тундурган кол чабуулар менен кабыл алды. 1934 жылы театр Москва гастролдорунда эле катышкан. 26 май-4 июнь 1939 жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасында катышкан жана чыгармачылык топ катышуучулары М.И. Калинин менен жолукту[8].

1939 жана 1940 жылдары Фрунзе шаарында гастролдордо катышкан. 1939 жылы театрдын жетекчи артисттери Розияхан Муминова жана Абдулла тарок Файзуллаев Кыргызстанда биринчи болуп Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алышкан[9].

Улуу Ата-Мекендик согуштун башынан бери театрдын көптөгөн артисттери өз ыктыяры менен согушке барды. Согушта Уринбой Рахмонов оор жараат алгандан кийин, Ош шаарына жиберилди. 1942 жылы ал театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды жана театрды 1949 жылга чейин жетектеген.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош театрынын артисттери фронттордо болуп жана жоокерлерге мекенчилдик спектаклдер койду. Уринбой Рахмонов, Б. Хасанова, Э. Бутаева, М. Атабаев жоокерлерди эрдикке чакырды. Бул жылдары сахнада Уринбой Рахмонов тарабынан Камил Яшиндын "Бороон", "Оккупанттерге өлүм!", Сабир Абдулланын "Курбан Умаров", Уйгундын "Жашоо ыры", Билль-Белоцерковскийдын "Чек арачылар" , Корнейчуктун "Фронт" чыгармалары коюлду. Театралдык жамаат эмгекчилердин массасын аскердик-патриоттуулук духунда тарбиялоого чоң салымын кошкон.

Ош театрынын жамааты. Фото 1947 жыл.
Ош театрынын жамааты. Фото 1947 жыл.

Театралдык жамааттын чыгармачылык потенциалын ачып берүү үчүн сахнага Уринбой Рахмонов тарабынан коюлган Хамзанын "Бай жана батрак", "Майсаранын жоруктары", К. Тренёвдун "Любовь Яровая" Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", С. Абдулланын "Тахир менен Зухра", М. Ордубадинын "5 сомдук келин", Хуршиддын "Фархад менен Ширин", К. Яшиндын "Гулсара", Уйгундын "Жаз", "Алтынкуль" чыгармалары чоң ролду ойноду[10].

Театралдык жамааттын жана театрдын жетектөөчү актёру Журахон Рахмоновдун чыгармачылык көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң ролду ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовдун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвдун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдын "Добул", Насриддин Байтемировдун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.

14-25 октябрь 1958 жылы Ош өзбек драма театрынын жамааты Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды жана театрдын жетектөөчү артисти Дилдорбек Рахмоновдун ойногон ролдору жогору бааланды.

Өзбекстандын Эл артисти Ёркиной Хотамова жана Дилдорбек Рахмонов
Өзбекстандын Эл артисти Ёркиной Хотамова жана Дилдорбек Рахмонов
Театрдын жетекчи артисти Дилдорбек Рахмонов
Театрдын жетекчи артисти Дилдорбек Рахмонов

11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство Кундорундо катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В.И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан[11].

Журахон Рахмонов (1917-1977) - Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти.
Журахон Рахмонов (1917-1977) - Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти.

Театрдын жетектөөчү актёру Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулган) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюуда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды[12]. Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан.

С.М. Киров атындагы Ош театры 1992 жылы Бабур атындагы өзбек музыкалуу-драма театры болуп атын озгортту.

2004 жылы Бабур атындагы Ош өзбек музыкалуу-драма театрына «Академиялык» деген статус берилди[13].

2006 жылы Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен театрга "Мамлекеттик театр" макамы берилди.

29 ноябрь 2014 жылы Борбордук Азияны байыркы театрынын 95 жылдык юбилейине арналган театрализациялашкан концерт коюлду. 2020 жылы театр өзунун кылымдык юбилейин белгилөө тоюн өткөрөт[14].

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыдан көчурмө

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры алгач (1919-жылдан) өз демилгелүү драма ийрими болуп, 1932-ж. профессионал музыкалуу драма театры катары Ош шаарында уюшулган. Театр 19341992-ж. С.М. Кировдун ысмын алып жүргөн, 1992-жылдан Бабурдун атында. Театр концерт программасы менен бирге драма жана музыкалуу драма спектаклдерин коёт. 1934-ж. концерттик программа менен Москва, Ленинград шаарында гастролдо болгон. Койгон белгилүү спектаклдери: К. Яшен, «Эки коммунист» (1933); Г. Зафари, «Халима» (1933); К. Гоцци, «Турандот каныша», Н. Гоголь «Текшерүүчү» (1934); Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна» (1936); Хамза, «Бай жана батрак» (1939), «Майсаранын жоруктары» (1941); И. Акрамов, «Адолат» (1950, 1975); Г. Гулам, «Ташбалта ашык» (1960, 1974); К. Маликов, «Бийик жерде» (1960); К. Жантөшев, «Тоо бүркүтү» (1965), Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» (1966); А. Рахмат, «Абдулла Набиев» (1967); Ш. Рашидов, «Кубаттуу толкун» (1969); А. Абдугафуров, «Ач көздүк» (1972); Т. Абдумомунов, «Ашырбай» (1974); Н. Байтемиров, «Уркуя» (1977) ж. б. Алгачкы артисттери: Рахмонберди Мадазимов, Бекназар Назаров,Уринбой Рахмонов, Абдулла тарок Файзуллаев, Журахон Рахмонов, Разия Муминова, Лайлихан Маидова ж. б. Режиссёрлору: Ф.А. Литвинская, С. Юлдашев, Э. Мурадов, С. Умаров, сүрөтчүсү Т. Сафаров, дирижёру Т. Арифхожаев. Театрда Кыргыз ССР эл артисти Турсунхон Солиева, Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттери Ж. Рахмонов, Х. Хасанов, Т. Урунова ж. б. иштеген.

2004 жылы Бабур атындагы Ош областтык өзбек музыкалуу-драма театрына «академиялык» деген статус берилди[15].

Театр артисттерин эскерүү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен Ош облусунун көчөлөрүнүн театрдын артисттерин ысымдарын ыйгаруу аркылуу бекемделген.

Театрдын негиздөөчүлөрү

Театр артисттери

Кыргызстан эл артисттери

Өзбекстан эл артисттери

Өзбекстан эмгек сиңирген артисттери

Кыргызстан эмгек сиңирген артисттери

  • Саримсок Каримов
  • Тупахон Нурбоева
  • Шаробиддин Тухтасинов
  • Хошимжон Хасанов
  • Кодиржон Хамидов
  • Ганижон Бутаев
  • Бозорбой Юлдашев
  • Мавлонжон Курбонов
  • Ёркиной Хотамова (1967 жыл)
  • Минура Расулжонова
  • Мастурахон Усмонова
  • Жамила Бутабоева (1988 жыл)[46]
  • Рисолатхон Урунова
  • Нигорой Расулжонова (1990 жыл)
  • Умаржон Мамиров (1990 жыл)
  • Режаббой Тожибоев (1990 жыл)[47]
  • Махмуджон Рахматов (1990 жыл)[48]
  • Матлюба Мавлонова (1995 жыл)
  • Бахром Тухтаматов (1998 жыл)
  • Зиёйдин Жалолов (1999 жыл)
  • Мавлюда Абдужабборова (2001 жыл)
  • Хамидулло Матхоликов (2003 жыл)[49][50]
  • Дилором Соипова (2004 жыл)[51][52]
  • Алла Аскарова[53]
  • Самида Холматова (2008 жыл)[54]
  • Хаётхон Мадрахимова (29.08.2019 yil)[55]

Кыргызстан маданиятка эмгек сиңирген ишмерлери

Кыргызстан маданиятын мыктылери

  • Нуржахон Гапирова[61]
  • Олимжон Комилов
  • Бахром Тухтаматов (2014)
  • Зиёйдин Камолов
  • Дилшод Курчиев
  • Ойбек Юлдашев
  • Бахтиёр Хурбоев[62]
  • Дилшод Азимов[63]
  • Хаётхон Мадрахимова
  • Одина Аббосова (2014)[64]
  • Маъмура Аскарова (2014)
  • Бахтиёрхон Хайитмухамадова (2017)[65]
  • Илхом Ахмад (Маматохунов)[66]